Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү оюнунун финалы өтүүдө.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешип жатат.
Ушул мүнөттөрдө эсеп саны 4:0 болуп, кыргыз спортчулары алдыда келе жатат.
Улакты тайказанга Мелисбек уулу Нуржан салып эсепти ачкан, Кыяз Ниязов эсепти жаңыласа, үчүнчү упайды Мелисбек уулу Нуржан алып келди, ал эми төртүнчү улакты Оморбеков Байтегин салды.