Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү оюнунун финалы өтүүдө.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешип жатат.
Азыр эсеп саны кыргыз улакчыларынын пайдасында 12:0 эсебинде.
Үчүнчү таймда эсепти Байтегин Оморбеков, Эрназар Кошумбаев жана Мирбек Мукашевдер жаңылап, үч упайды алып келсе, бир аздан соң төртүнчү улакты Анарбек уулу Сейитбек салды.