Күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү. Минкаб башчысы тапшырмаларды берди

Министрлер кабинети 21 Август 2026 09:50
6a86fe40c234b.jpeg
6a86fe3c38b25 (1).jpeg
6a86fe5a54b0f.jpeg
6a86fe5a4a5f4.jpeg
6a86fe5970fd8.jpeg
6a86fe5968d38.jpeg
6a86fe49c4635.jpeg
6a86fe45d6277.jpeg
6a86fe3c38b25.jpeg
Алдыга
Артка
6a86fe40c234b.jpeg
6a86fe3c38b25 (1).jpeg
6a86fe5a54b0f.jpeg
6a86fe5a4a5f4.jpeg
6a86fe5970fd8.jpeg
6a86fe5968d38.jpeg
6a86fe49c4635.jpeg
6a86fe45d6277.jpeg
6a86fe3c38b25.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.

Отурумда алгач учурдагы Борбор Азиядагы жана өлкө ичиндеги нефть рыногундагы кырдаал боюнча жана аткарылып жаткан иштер боюнча бул тармакты тескеген министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери маалымат беришти. 

Анда, өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо үчүн мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, күйүүчү-майлоочу продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларга мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча маалымат угулуп, талкууланды.

Жыйындын соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир компания менен иш алып баруу, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арада логистика маселесин чечүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Кыргызстан өлкөнүн күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун камсыз кылуу үчүн Россия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташууда. 

Кыргызстандын жалпы мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү орточо 1,5 миллион тоннадан ашат.