Кировка – Гребень – Плотина унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Аймак Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 09:30
WhatsApp_Image_2025_AcAFLyL.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Кировка – Гребень – Плотина унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Айтматов жана Манас районундагы жалпы узундугу 28 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө каралган. Негизинен долбоор үч тилкеге бөлүнүп ишке ашырылууда.

  • Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолу – 9 чакырым, биринчи катмардагы асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады;
  • Гребень – Плотина – Покровка унаа жолу – 8 чакырым, экинчи катмардагы асфальт төшөө иштерине даяр;
  • Кировка – Гребень – Плотина унаа жолу – 11 чакырым, учурда экинчи катмардагы асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата Кировка–Гребень–Плотина унаа жолунун 5,7 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлдү.