Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Кипр аралында жапайы мышыктардын саны абдан көбөйүп, бир тургунга бирден мышык туура келе тургандай абалга жетти. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Известия жазды.
Маалыматта белгиленгендей, аралда жылына болгону 2 миңге жакын мышык стерилизацияланып, ал үчүн 100 миң евро бөлүнөт. Бирок бул программа жетишсиз экенин экология боюнча комиссар Антония Теодосиу билдирди.
Анын айтымында, мышыктардын көбөйүү ылдамдыгы жогору болгондуктан, абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн.
Экологдор чыныгы сан мындан да көп болушу ыктымал дешет жана өкмөттөн көбүрөөк каражат бөлүп, милдеттүү стерилизация киргизүүнү суранышууда.
Буга чейин Япониянын Микура аралында жапайы мышыктар 3,5 миллиондан ашуун деңиз чымчыгынын 100 миңи гана калганга чейин кырганын окумуштуулар маалымдашкан.