Кыргыз спортуна быйыл жүз жыл толду. Бул арада ал эки доорду басып өтүп советтер союзунда да, эгемендүүлүк алган жылдарда да жогорку көрсөткүчтөрдү көргөзүп, жылдызы жарык жанып келди десек болот. Эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдар канчалык оор болсо дагы кыргыз спортчулары моюн бербей, улуттун сыймыгына айланып келе жатышат. Учурда бардык тармактардагы реформаларды улай, кыргыз спортунда да бир катар өзгөрүүлөр болууда. Анын арасында спортко көңүл бөлүү, заманбап спорттук имараттарды куруу, жаңы чемпиондорду даярдап чыгуу иштери алга жылууда.
Өлкөдө акыркы жылдары спорт тармагындагы инфратүзүмгө басым жасалууда. 26-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылына курулган “Достук Арена” стадионунун ачылышы болуп өттү. Буга карата өлкө президенти Садыр Жапаров “2500 адамды батыра турган бул заманбап стадионду эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет жерпайынан чатырына чейин жаңы курулган объект болду”, - деп баса белгиледи.

Муну менен бирге эле соңку жылдары футбол боюнча улуттук курама дагы мыкты көрсөткүчтөрдү көргөзүп, улуттун сыйымыгына айланып, айланасына көптөгөн күйөрмандарды топтой алды. Анын башында кыргыз футбол биримдиги туруп, ал Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү.

Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти - Нурдин Букуевдин айтымында акыркы жылдары кыргыз футболунда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат.

“2014-жылы биз алгач ирет улуттук кураманы өнүктүрө баштадык. Азия кубогуна катышуу үчүн материалдык, финансылык жактан жактан команданы чыңдадык. Беш жылдан кийин 2019-жылы кубокко катышып жеңишке ээ болдук. 2024-жылы Катардагы экинчи жолку Азия кубогуна катыштык. Буга жөн жерден эле катышып калган жокпуз. Ортодо абдан күчтүү аракеттер жасалды. Күжүрмөн эмгектин натыйжасында 2027-жылы Сауд Аравиясында өтө турган Азия кубогуна алдын ала жолдомону ала алдык. Ал эми инфраструктуралык жактан болуп жаткан өзгөрүүлөрдү айта турган болсок, биз буга чейин колубуздан келишинче аракеттерди көрүп келчүбүз. Акыркы жылдары мамлекеттин, президенттин жардамы менен чоң өзгөрүүлөр орун алууда. Бул өзгөрүүлөр өлкөнүн башкы шаарлары Бишкек менен Ошто эле эмес аймактарда дагы болууда. “Достук аренасы” буга айкын мисал.

Букуевдин айтымында, футбол жаатындагы билим берүүдө дагы өзгөрүүлөр бар. “Машыктыруучуларды өзүбүз даярдап окутуп калдык. Азия футбол конфедерациясынын бир нече окутуу курстарын өзүбүздүн инструкторлор менен өткөрө турган деңгээлге жеттик. Буга чейин чет мамлекеттен чыкыртып окутчу элек. Каражатты үнөмдөөгө өбөлгө түздү. Учурда лицензия боюнча окутууларды жергиликтүү инструкторлор жүргүзүп жатат. Бул дагы бир чоң жетишкендик десем болот. Жаш муундар арасындагы футбол жөнүндө айта турган болсом, 13-14-15-16 жаштар арасындагы чемпионаттарды өткөрүп жатабыз. Жаштардын саны көбөйүп жатат. Кыз-келиндер арасындагы футбол өнүгүүдө. Буга чейин кичинекей кадамдар менен келсек, акыркы убактарда чоң арыштарды жасап жатабыз десем болот”, - деди ал.

Ошондой эле хоккей боюнча кыргыз курамасы кечээ, 27-мартта Түркияда өткөн дүйнө чемпионатында жеңишке жетти. Ал Люксембург (6:0), ТАР (5:2), Босния, Герцеговина (5:1) жана Түркмөнстан (8:1) өлкөлөрүн жеңген. Эми ал 2026-жылы 2-дивизионунда ат салышат.
Бул спорт Кыргызстанда 2000-жылдардан тарта жанданып, акыркы кездери дүйнөлүк аренада ийгиликтерди багындырып келе жатканы маалым.

Өлкөнүн Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков бул спорт туурасында “кичинекей кадамдар менен бара жатабыз. Хоккей өзү өлкөдөгү жаш спорттордун түрүнө кирет. Федерация 2011-жылы эле түзүлгөн. 2017-жылдан баштап дүйнөлүк аренага чыгып, тандоо оюндарынан өтүп дүйнө чемпионаттарына катыша баштадык. Акыркы үч жылдын ичинде жакшы ийгиликтер менен 4-дивизионду уттук. Андан кийин 3-дивизиондун А жана В топторун уттук. Ал эми Кыргызстандын хоккейи үчүн 2-дивизионго чыгыш өтө чоң жетишкендик болуп саналат.

Бул спорттун келечеги чоң. Аз эле жылда ушунча жакшы жыйынтыктар болуп жатат. Мамлекет менен федерациясынын тыгыз иш алып баргандыгынын улам мындай жыйынтыктарга жетип жатабыз десем болот. Негизинен алганда хоккей өзү кымбат спорт болуп саналат. Жабдыктардын өзү эле бир кишиге 2-3 миң долларга айланат. Биздеги бир гана көйгөй муз аянтчасы жоктугу. Бишкек арена эле бар. Бардыгы ошол жерден машыгат. Хоккейдин сүйүүчүлөрү көбөйүп, бир аренага батпай баратат. Жаңы арена салганга убакыт келди деп ойлойм. Кыргызстандын өзүнүн чемпионаты бар. Анда 6 команда ойнойт. Азырынча хоккейдин өзүн өнүктүрөлү, бир нукка салып алалы деп жатабыз”, - дейт ал.