Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Күңгөй Ала-Тоо кырка тоосунун түндүк жана түштүк капталдарындагы жарылып кетүү коркунучу бар 16 бийик тоолуу көлгө бийиктиктен изилдөө жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тик учак менен жүргүзүлгөн текшерүүгө ӨКМдин, Кыргызгидрометтин жана Борбор Азия университетинин адистери катышты. Жалпы каттамдын узундугу 530 чакырымды түздү.
Изилдөөдө көлдөрдүн, дамбалардын жана суу агып чыгуучу каналдардын абалы, суунун деңгээли, жер көчкү жана ураш процесстери бааланды. Өзгөчө Чоктал-1, Кашка-Суу, Чоктал-2 жана Бозтери көлдөрүнө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында көлдөрдүн жарылып кетүү коркунучунун категориялары такталат.