Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Учурда бөйрөктүн өнөкөт оорусунун 5-стадиясы менен жабыркаган 200гө жакын бейтап трансплантациялоо үчүн кезекте турат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, операция 2018-жылдан бери программалык гемодиализ алып келген 1981-жылы туулган бейтапка жасалды. Ага 1978-жылы туулган бир тууган агасы донор болду. Бейтаптардын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ошондон бери борбордо жалпы 81 операция жасалса, анын 38и акысыз ишке ашырылган.
Мекемеде трансплантациялоодо иммунологиялык тестирлөөнүн методологиясы киргизилген. Ал HLA системасы боюнча гистошайкештикти аныктоону, кайчылаш тестти (Crossmatch) жана PRA көрсөткүчүн эсептөөнү камтыйт. Бул ыкма операциялардын коопсуздугун жогорулатууга жана дарылоонун узак мөөнөттүү натыйжаларын жакшыртууга мүмкүндүк берет.