Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Күн мурун Республикалык илимий-методикалык борбордо башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул туурагуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Жыйындын башкы максаты — окуу программаларына жашыл экономика принциптерин жана экологиялык көндүмдөрдү интеграциялоо. Азия өнүктүрүү банкынын эксперти Максат Абдигапаров жаратылышты коргоо маселелерин теориялык жана практикалык сабактарда колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде лицей өкүлдөрү таштандыларды азайтуу жана тармактык экологиялык компетенцияларды калыптандыруу боюнча иштер башталганын маалымдашты.
Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова экологиялык көндүмдөрдү киргизүү боюнча атайын программа иштеп чыгууну жана окуучулар менен долбоордук иштерди күчөтүүнү сунуштады.
Кеңешме кесиптик билим берүү системасында экологиялык жактан сабаттуу адистерди даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.