Кербен шаарында "Орбита Глэмпинг" туристтик жайы ачылды

Аймак 1311 14 Июнь 2025 20:17
506734698_1819603705573552_9031656850465609355_n.jpg
507126895_1819603812240208_2388292005393668536_n.jpg
506399775_1819603755573547_5973314157130396345_n.jpg
506403925_1819603868906869_97087045285616746_n.jpg
506409236_1819603712240218_2565227030020366641_n.jpg
507112424_1819603832240206_260233226321790262_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.06.25. /Кабар/. Аксы районунун Кербен шаарыные Жайык участкасында "Орбита Глэмпинг" туристтик жайы ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, район акими Максатбек Саргазаков, айыл тургундары, Ош облусу жана коңшу Өзбекстандан келген коноктор жана туристтер катышты.

“Глэмпинг” – бул жаратылышка жакындыкты жоготпой, бир эле учурда ыңгайлуу жана кооз эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган жаңы туризм маданияты болуп саналат. Бул демилге – туризмди өнүктүрүү менен бирге келген меймандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү ишке ашкан.

Белгилей кетсек, аталган жайда жалпы беш даана Глэмпинг үйлөрү курулуп, ага 9 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Долбоор “Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги” (АРИС) тарабынан каржыланган.