Бишкек, 08.08.2025. /Кабар/. Бүгүн Кениянын борбор шаары Найробинин четиндеги турак жайга жеңил авиациялык тез жардам учагы кулап түшүп, кеминде алты киши каза болуп, экөө жарадар болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Cessna Citation 560 санитардык учагынын бортунда төрт медициналык кызматкер жана кырсык болгон жерде эки жергиликтүү тургун каза болгон.
AMREF Flying Doctors компаниясына таандык учак Найробидеги Вилсон аэропортунан саат 14:14тө учуп кеткен. Ал Сомалинин түндүгүндөгү Харгейса шаарына багыт алган. Учак үч мүнөттүк учуудан кийин Мвихоко аймагына кулап түшкөн.
Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн Авиакырсыктарды иликтөө департаментинин адистер тобу жөнөтүлдү.