Бишкек, 12.08.2025. /Кабар/. Кениянын түштүк-батышында күн мурун автобус кырсыкка учурап, кеминде 21 адам каза тапты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, алар маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, Какамега шаарынан Кисуму шаарына бара жаткан. Жолдо айдоочу айланма жолго жакындаганда унааны көзөмөлдөй албай, автобус арыкка түшүп оодарылып кеткен.
Нянза провинциясынын жол полициясынын аймактык тескөөчүсү Питер Майнанын айтымында, каза болгондордун арасында 10 аял, 10 эркек жана 10 жаштагы кыз бар болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка катуу ылдамдык себеп болгон.