Кенелердин активдүүлүгү акырындан төмөндөп жатат – паразитолог

Ден соолук Загрузка... 03 Июнь 2026 10:50
256433.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Кыргызстанда кенелердин активдүүлүгүнүн туу чокусу акырындап артта калып баратканы менен, алардын чаккан учурлары дагы эле катталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине паразитолог дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Жумагүл Усубалиева билдирди.

Анын айтымында, быйыл кыштын жылуу болушу жана жаздын эрте келиши менен кенелер адаттагыдан эрте активдешкен. Ошого карабастан кырдаал көзөмөлдө болуп, кене чаккан адамдардын аз гана бөлүгүндө кене аркылуу жугуучу оорулар аныкталууда.

Адистин маалыматына ылайык, сезон башталгандан бери кене чаккандан кийин медициналык жардам сурап миңден ашуун адам кайрылган. Бирок алардын ичинен аз гана бөлүгүндө кененин чагуусуна байланыштуу оорулар катталган.

Ошондой эле ал бардык эле кенелер кооптуу инфекциялардын алып жүрүүчүсү эмес экенин белгиледи.

"Кенелердин эрте активдешүүсүнө байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок", - дейт адис.

Анын айтымында, кенелер өлкөнүн бардык аймагында кездешкендиктен, алардын кайсы жерде пайда болорун алдын ала аныктоо мүмкүн эмес. Ошол эле учурда Жалал-Абад облусунда жыл сайын кене чаккан учурлар боюнча кайрылуулар эң аз катталат.

Адис белгилегендей, эң кооптуу түрлөрдүн бири болуп тайга кенеси эсептелет. Ал кене энцефалитинин алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн. Бирок адатта жай айларында аба ырайынын ысышына байланыштуу кенелердин саны азаят.

Ошону менен катар паразитолог учурда Кыргызстанда кенелердин активдүүлүгүнүн туу чокусу акырындап төмөндөп жатканын айтты.

"Июль жана август айларында аба ырайынын ысышынан улам кенелердин саны азаят. Бирок азырынча алардын чагуу коркунучун толугу менен жокко чыгарууга эрте. Ошондуктан сактык чараларын көрүү дагы эле актуалдуу бойдон калууда", - деди ал.

Эксперт белгилегендей, быйыл жабыркагандардын саны күтүлгөндөн төмөн болду. Буга калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин активдүү жүргүзүлүшү оң таасирин тийгизген. Кененин чагуусунан сактануу боюнча сунуштар жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет булактары жана коомдук жайлардагы маалыматтык экрандар аркылуу кеңири жайылтылган.

"Адамдар өз коопсуздугуна мурдагыга караганда жоопкерчиликтүү мамиле кыла баштаганын көрүп жатабыз. Бул жалпы абалга оң таасирин тийгизди", - деп белгиледи ал.

Жумагүл Усубалиева өлкөдөгү эң көп эс алуучулар барган жайлардын бири болгон "Ала-Арча" жаратылыш паркы аймагында коопсуздук чараларын өзгөчө сактоо зарылдыгын белгиледи. Адистер жаратылышта эс алып келгенден кийин кийимдерди жана денени кылдат текшерип чыгууну сунушташат.

"Жөнөкөй сактык чараларын аткаруу менен жаратылыштагы эс алуу коопсуз бойдон калат. Ал үчүн денени толук жаап турган кийим кийип, кенеге каршы каражаттарды колдонуп, сейилдөөдөн кийин денени дыкат кароо керек. Эгер денеден кене табылса, аны эзип же жөн эле алып салууга болбойт. Кенени этияттык менен алып салгандан кийин идишке салып, лабораториялык текшерүү үчүн медициналык мекемеге жеткирүү сунушталат", - деди паразитолог.

Дарыгер ошондой эле кене чаккандан кийин ден соолукка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти. Эгер баш оору, алсыроо, жүрөк айлануу, дене табынын көтөрүлүшү же башка кооптуу белгилер байкалса, дароо медициналык мекемеге кайрылуу керек.