Кендирбаева: Өзбекстандык мугалимдер Кыргызстанда квалификациясын жогорулатат

Билим Загрузка... 31 Октябрь 2025 19:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Самарканд, 31.10.25. /Кабар/. Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын алкагында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигине маек куруп, Өзбекстан менен билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу айтып берди.

Министр белгилегендей, Өзбекстанга болгон иш сапардын негизги максаты – бул өлкөнүн билим берүү системасы менен жакындан таанышуу, өз ара пикир алмашуу жана кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлүп жаткан мектептер менен байланыштарды чыңдоо болгон.

Кендирбаеванын айтымында, Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги менен мазмундуу жана иштиктүү сүйлөшүү өткөрүлүп, эки тарап кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктады. Анын алкагында Өзбекстандагы кыргыз орто мектептеринде иштеген мугалимдер жана тарбиячылар Кыргызстандагы тиешелүү окуу жайларда адистигин жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Бул демилге мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле министр Өзбекстандагы “Мектеп – 21” инновациялык долбоору өзгөчө кызыгууну жаратканын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор заманбап технологиялар тез өнүгүп жаткан учурда билим берүүнү санариптештирүү жана жаштардын келечектеги компетенцияларын өнүктүрүү жагынан Кыргызстан үчүн маанилүү үлгү болуп саналат.

“Технологиялар доорунда окуучуларда ой жүгүртүү, чыгармачылык жана өз алдынча чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу зарыл. ‘Мектеп – 21’ ыкмасы — дал ушул максатка жетүүнүн натыйжалуу жолу экенин көрсөтүп турат”, — деп белгиледи Кендирбаева.

Мындан тышкары, министр Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлигинин ортосунда IT-кадрларды даярдоо жана билим берүү процессин санариптештирүү багытында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтык перспективалары талкууланганын кошумчалады.

Кендирбаеванын айтымында, мындай өз ара аракеттенүү эки элдин билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн бекемдеп, келечекте биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жол ачат.