Агартуу министрлиги бир педагогикалык окуу жайды карамагына алууну суранды

Билим Загрузка... 12 Февраль 2026 16:40
WhatsApp Image 2026-02-12 at 16.42.50.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин бүгүнкү жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бир педагогикалык окуу жайды Агартуу министрлигине өткөрүп берүүнү сурады.

Анын айтымында, мисалы Россияда 400гө жакын педагогикалык окуу жайлар, Казакстанда да бир канча педагогикалык окуу жайлар Агартуу министрлигине карайт.

“Ансыз биз дайыма синхрондуу адаптация, пробация пландарды өзгөртүү, дүйнөлүк жаңы системаны интеграциялоодо артта калып калуудабыз. Азыр бизде адистер жетишсиз, мисалы тифолог, инклюзивдүү билим берүүдө мугалимдер жетишпейт. Сиздерден өтүнүч, студенттерге санариптик платформалардын бардыгын окутсаңыздар. Кыргызстанда сиздер даярдаган кадрларды эң көп кабыл алуучу бул биздин министрлик. Бүгүнкү күндө агартуу тармагы бала бакчадан тартып, кесиптик-техникалык окуу жайларга чейин сапаттуу кадрга муктаж. Удаалаш окутуу менен 30 миңден ашык мугалимди кабыл алдык. Дагы бала бакчаларда 32 миң жумушчу орун түзүлөт деп турабыз”,- деди Кендирбаева.

Ошондой эле министр жогорку окуу жайлар менен мектептердин ортосундагы буйруктун негизинде класстердик мектептердин түзүлө тургандыгын маалымдады.

“Бүгүнкү күндө класстердик мектеп түзүү багытында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен иштеп жатабыз. Биз эми мектептердин бардыгын профилдештире баштайбыз. Бишкек шаарында физика-математикалык, гуманитардык жана башка кесипке багыт берген мектептер түзүлөт. Мисалы, жогорку окуу жай менен биргеликте иш алып барган мектепте окуу жайдын окутуучулары окуучуларга сабак беришет”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик политехникалык университетинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өттү. Ага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана окутуучулар катышты.