Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн маалымат жыйынында 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги себептерин айтып берди.
Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн башкы себеби – билим сапатынын төмөндүгү болууда.
“Акыркы эки иликтөөдө Кыргызстан PISA’да 2005- 2009-жылдары акыркы орунду ээлеген. Пандемияга чейин НООДУ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө балдардын дээрлик 64%ынын математикалык сабаттуулугу жок экенин көрсөткөн. Бул биздин балдардын билим деңгээли эмгек рыногунун талаптарына жооп бербейт дегенди түшүндүрөт. 48 пайыздан ашык баланын кайрадан окуу жана түшүнүү көндүмдөрү жок. Баланын окуу жана түшүнүү көндүмдөрү болбогондон кийин көп маселелерди чече албайт жана эң төмөнкү кара жумушта иштеп калат.
Кеп аттестат алуу эмес жана алдыңкы Европанын ЖОЖдарында окуу эмес. Биз ушул жерде туруп дүйнөлүк акылдуу эмгек рыногуна киргенге даярбызбы? Биз улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктарды аздектөө менен мекенге кызмат кылууга даярбызбы? Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыкканда биз мына ушул суроолорго жооп берүүгө басым жасадык. Бала дүйнөлүк эмгек рыногунда эң төмөнкү айлык алган топторго кирип калып жатат. Биз ошого намыстанып жатабыз, оор болсо дагы президенттин башкы демилгеси менен, кандайдыр бир чиновниктерге эмес, айрым топтордун дүйнөлүк окуу жайына өтүп кетиши үчүн эмес, жалпы карапайым кыргыз балдарынын билим сапатын жогорулатууга багыт алып, мамлекеттин туруктуулугун, өнүгүшүн камсыз кылууга багыт алдык”,-деди ал.