"Кеменгер Сейтек" жана "Актан" китептеринин бет ачары өттү

Маданият 04 Август 2025 17:55
IMG_8737.JPG
IMG_8738.JPG
IMG_8736.JPG
IMG_8733.JPG
IMG_8613.JPG
IMG_8611.JPG
IMG_8608.JPG
IMG_8602.JPG
IMG_8601.JPG
IMG_8600.JPG
IMG_8598.JPG
IMG_8596.JPG
Алдыга
Артка
IMG_8737.JPG
IMG_8738.JPG
IMG_8736.JPG
IMG_8733.JPG
IMG_8613.JPG
IMG_8611.JPG
IMG_8608.JPG
IMG_8602.JPG
IMG_8601.JPG
IMG_8600.JPG
IMG_8598.JPG
IMG_8596.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon "Манас" улуттук академиясы

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. "Рух Санат" дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында "Кеменгер Сейтек" жана "Актан" китептеринин бет ачары өттү. Бул тууралуу "Манас" улуттук академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кеменгер Сейтек" китеби КР эл артисти, манасчы Назаркул Сейдракмановдун, "ал эми "Актан" китеби залкар комузчу, чечен, дастанчы Актан Тыныбек уулунун калемине таандык.

Иш-чарага академиянын президенти Азиз Биймырза уулу, КР эл артисттери Табылды Актан, Назаркул Сейдракманов, Роза Аманова, ошондой эле Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова, АКШдан келген антрополог Назиф Шахрани, Казакстандын искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Саида Елеманова, ICTM эл аралык уюмунун президенти Тан Суи Бен, Словениянын Любляна университетинин профессору Сванибор Петтан жана Шри-Ланкадан келген этномузыка илиминин доктору Ласанти Манаранжани Калинга Дона баштаган конгресстин жалпы катышуучулары жана салттуу музыка изилдөөчүлөр катышты.

Китептер кыргыз салттуу маданиятынын өнүгүшүнө жана дүйнөлүк деңгээлде таанылышына чоң салым кошоору белгиленди.