Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Келерки жылы Бишкекте жарандарыбыз бардык адистештирилген медициналык кызматтарды бир жерден ала тургандай 5 миңден ашуун койкага ылайыкташтырылган медициналык шаарчанын курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы бир катар социалдык объектилердин ачылышында билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, ушундай масштабдуу иштер элдин жашоо деңгээлин жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Бул – мамлекетибиздин адамдык капиталга багытталган туруктуу саясатынын жыйынтыгы.
Президент белгилегендей, быйыл бюджеттин эсебинен республика боюнча 25 оорукана, поликлиника курулуп жатат. Андан тышкары, 22 саламаттык сактоо объектиси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.