Жасалма интеллект алмаштыра албай турган келечектин кесиптери

Билим Загрузка... 01 Июль 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Технологиялардын тездик менен өнүгүшү жана жасалма интеллекттин (ЖИ) киргизилиши күнүмдүк турмуш менен катар эмгек рыногун да түп-тамырынан бери өзгөртүп жатат. Бул өзгөчө күнүмдүк жумуштардын ордун автоматташтыруу басып жаткан техникалык кесиптерге байланыштуу. Бирок, айрым тармактарда адам күчү дагы эле алмаштырылгыс бойдон калууда. Келечектин мындай кесиптерине инженерлер, архитекторлор, программалык камсыздоонун иштеп чыгуучулары, киберкоопсуздук адистери жана жаңы технологиялар тармагындагы изилдөөчүлөр кирет. Бул кесиптер терең техникалык билимди гана эмес, стандарттан тыш маселелерди чыгармачылык ыкма менен чече билүүнү, стратегиялык ой-жүгүртүүнү жана тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлаша билүүнү талап кылат. Бул сапаттарга ЖИ азырынча толук деңгээлде ээ боло элек.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев «Кабар» агенттигине келечектеги технологиялык дүйнөнү түзүүдө кайсы адистер чечүүчү ролду ойной тургандыгын айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жасалма интеллект кээ бир кесиптерди чындап эле алмаштыра аларын көрсөттү. Бирок адамдын акылы менен колун талап кылган кесиптер абдан көп.

«Мисалы, ЖИ инженердик багыттагы адистерди алмаштыра албайт. Тамак-аш технологиясы, жеңил өнөр жай, энергетика, машина куруу, сантехника сыяктуу ж.б. тармактардагы ишти адамдар гана аткара алышат. Албетте, бул жааттарда да ЖИ колдонулушу мүмкүн, бирок адамды толугу менен алмаштыра албайт. Долбоорлоо, эксплуатация, оңдоо иштери - мунун баары адамдар тарабынан жүргүзүлө турган иштер. Ошентсе да, дүйнө тез өзгөрүп жаткандыктан, азыр ЖИ IT тармагында өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп жатат жана бул жаатта жумуш орундарын кыскартуу тенденциясы байкалууда. ЖИ кыска убакытта программалоо кодун жаза алат. Ошондуктан айрым тармактарда жумуштар азайышы мүмкүн», — деди Чыныбаев.

“Кыргызстанда учурда экономика өсүп, эмгек рыногу да өзгөрүүдө. Азыр куруучуларга, инженерлерге, жолчуларга, энергетика адистерине жана экологдорго суроо-талап жогору. IT тармагында да суроо-талап бар, бирок келечекте ЖИ инженерлерине — нейротармактар боюнча инженерлерге муктаждык көбөйөт.

«Биздин университетте абитуриенттер арасында киберкоопсуздук багыты абдан популярдуу. Университет студенттерди бүтүргөн соң компанияларга жумушка орноштурууга жардам берип келет. Жасалма интеллект инженердик коммуникация, жылуулук берүү, желдетүү жана кондиционерлөө тармактарындагы адамдарды алмаштыра албайт. Бул тармактарда ЖИ колдонулганы менен толук бойдон адамды алмаштыра албайт», — деп белгиледи ректор.

«Жакында эле биз LG компаниясы менен биргеликте жылуулук берүү, желдетүү жана кондиционерлөө академиясын (HVAC) ачтык. LG Electronics компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн - бул билим берүү жана изилдөө борбору - климаттык технологиялар, энергияны натыйжалуу пайдалануу чечимдери жана инженердик системалар жаатындагы адистерди даярдоочу маанилүү аянтча болот.

КМТУнун жылуулук жана газ менен камсыздоо жана желдетүү кафедрасынын базасында ачылган бул академия, студенттерге климаттык алдыңкы технологияларды практикага жакын шарттарда үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Борбор заманбап LG компаниясынын HVAC-системалары менен жабдылгандыктан, теория менен кошо реалдуу жабдуу үстүндө иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. учурда 30 студент бул жерден билим алды. Жакын арада дагы 200 студентти окутууну пландап жатабыз», — деди М.Чыныбаев.