Кыргызстандыктар каалаган жеринен добуш бере алат - Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 02 Октябрь 2025 16:55
illustration_largeimage_efcda0673b8322e092e4d9659c5c2562.jpg

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда шайлоочулар катталган дареги боюнча гана эмес, каалаган ыңгайлуу жерде да добуш бере алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, шайлоо күнү өзүнүн аймагында болбосо, каалаган жеринен добуш бере берет. Чоң-чоң базарларда, чоң-чоң соода борборлорунда шайлоо участоктору ачылат. Мисалы “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары, “Бишкек Парк”, “Чынар”, “Азия Молл” сыяктуу соода борборлорунда шайлоо участоктору болот. Ош, Бишкек аэропортторунда ачылат.

"Бардык жакка онлайн көзөмөл камералары орнотулат. Ошондой эле онлайн камералар өлкө боюнча бардык участоктордо турат. БШК түздөн-түз талапкерлердин ишенимдүү кишилери менен биргеликте түз эфирден карап олтурушат. Бир нерсе болсо дароо чара көрүшөт",-деген ал.

Добуш берүү үчүн ID паспорт же чет өлкөгө чыгууга уруксат берген жалпы жарандык паспорт, же “Түндүк” тиркемеси менен QR код болсо жетиштүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелерине барганда деле ушул үч документтин бирөөсү болсо жетиштүү.

"Кыскасы, мындан ары улам ушинтип санариптештирип жүрүп олтуруп келечекте үйдө олтуруп алып эле интернет аркылуу добуш бергенге чейин жетебиз. Чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз да шайлоолорго толук катышууга мүмкүнчүлүк алат. Ага бир аз убакыт керек",-деп белгилеген мамлекет башчы.