"Келечекке салым": Кыргызстанда 3,5 миңден ашык балага депозит ачылды

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 01.06.26 /Кабар/. Кыргызстанда жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды каржылык жактан колдоого багытталган "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрдин орун басары Аида Исатбек кызы программанын катышуучусу, Бишкек шаарынын тургуну А.Т. аттуу өспүрүмдүн үй-бүлөлүк шартынан кабар алды. Ата-энесинен ажырап, эжеси жана карындашы менен жашаган балага мамлекеттик колдоонун алкагында үйдү оңдоп-түзөөгө көмөк көрсөтүлгөн.

"Мамлекеттин негизги милдети - ар бир балага камкордукту жана келечекке болгон ишенимди сездирүү. Бул программа балдардын татыктуу билим алышына, турак жай шарттарын жакшыртуусуна жол ачат", - деп белгиледи Аида Исатбек кызы.

Президенттин 2024-жылдагы жарлыгына ылайык, мамлекет ар бир жетим бала 18 жашка толгондо анын жеке депозитине 500 миң сом өлчөмүндө каражат которот. 2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча 3 524 балага депозит ачылды.

"Бүгүнкү күндө программанын 80ге жакын катышуучусу 18 жашка толуп, берилген каражатты билим алууга, турак жай шарттарын жакшыртууга жана дарыланууга жумшашты", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет аярлуу катмарга кирген балдарды коргоо жана алардын кыялдарын орундатуу багытындагы социалдык долбоорлорду мындан ары да активдүү улантат.