"Келечек" реабилитациялоо борбору: 3 жылда 2 миңден ашык балага жардам берилди

Ден соолук Загрузка... 02 Апрель 2026 11:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. "Келечек" майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборунун ишмердүүлүгү жана андагы кызмат көрсөтүүлөр тууралуу "Биринчи радионун" эфиринен борбордун директору Чинаркүл Түмөнбаева айтып берди.

Анын айтымында, "Келечек" реабилитациялоо борбору 2022-жылдын 29-декабрында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мамлекеттик колдоонун алкагында президенттин катышуусу менен ачылган.

"Борбор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу мамлекеттик мекеме болуп саналат. Мекеменин негизги милдети — республиканын бардык аймактарынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү. Негизинен биздин борборго нерв системасынын оорулары, таяныч-кыймыл аппаратынын көйгөйлөрү бар, акыл-эсинин өсүшү кечиккен же Даун синдрому, аутизмдин жеңил формасы менен жабыркаган балдар келишет. Ушул профилдерге ылайык, борбордо адистердин, педагогдордун жана дарыгерлердин мультидисциплинардык командасы иштейт", — деди ал.

Түмөнбаева белгилегендей, борбордо медициналык-социалдык жана психологиялык-педагогикалык жардамдарды камтыган реабилитациялык кызматтардын комплекси көрсөтүлөт.

"Медициналык-социалдык реабилитацияга физиотерапевт-дарыгердин иши, аппараттык физиотерапия, дарылоо дене тарбиясы (ДДТ), массаж, ошондой эле стоматологдун кызматы кирет. Ал эми психологиялык-педагогикалык реабилитация психологдун, тарбиячылардын, дефектологдун, логопеддин, эрготерапевттин ишин, ошондой эле сенсордук интеграция бөлмөсүн колдонууну жана психологдун ата-энелер менен иштешүүсүн камтыйт", — деп түшүндүрдү ал.

Анын маалыматы боюнча, үч жылдык ишмердүүлүгүндө жана 2026-жылдын биринчи чейрегинин ичинде 2 миң 100 бала реабилитациялык комплекстен өткөн.

"Реабилитациялык борбор 100 кишиге ылайыкталган, анын ичинен 60 орун — стационар, калган балдар күндүзгү реабилитациядан өтүшөт. Бул кызматтарды эки форматта көрсөтүүгө мүмкүндүк берет: төрт маал тамагы менен күнү-түнү реабилитациялоо борборунда болуу жана күндүзгү реабилитация. Бишкекте жана шаардын тегерегинде жашаган балдар борборго үч саатка келип кетишет. Ал эми алыскы аймактардан келген балдар стационарда бир айга жакын болушат. 10 жашка чейинки балдарды коштоочусу менен бирге кабыл алабыз. Амбулатордук реабилитацияда балдар мүмкүнчүлүгүнө жараша күн алыс келе алышат, ошондуктан курс эки айга чейин созулушу мүмкүн", - деди ал.

Директор балдар медициналык-социалдык жана психологиялык-педагогикалык реабилитацияга бирдей муктаж экенин баса белгиледи.

"Практика көрсөткөндөй, балдардын көбү жардамдын эки түрүнө тең муктаж. Болжол менен балдардын 70 пайызынын сүйлөөдө кемчиликтери бар, ошондуктан психологиялык-педагогикалык реабилитация милдеттүү жана эң керектүү болуп саналат. Бизге келген балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу мезгил-мезгили менен логопеддер жана дарылоо дене тарбиясы боюнча инструкторлор жетишпей калат. Учурда биз алдын ала жазылуу менен иштеп жатабыз: курсту аяктагандан кийин көчүрмө кагазына кийинки келүү күнүн, адатта, үч айдан кийинки убакытты көрсөтөбүз. Бул жазылууда, процедураларды алууда кезек күтүүлөрдү болтурбоого шарт түзөт", - деп түшүндүрдү ал.