Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кел-Сууга барчу Ат-Башы – Кында – Торугарт жолунда оңдоо иштери күчөтүлдү.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунда профилировкалоо, башкача айтканда жолдун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган жол Нарын облусундагы туристтер эң көп барган кооз жайлардын бири болгон Кел-Суу көлүнө алып барат.