Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүндө кайыкчылар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу транспортунун коопсуздугу текшерилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө кайыктардын техникалык абалы, каттоо номери, тиешелүү документтери жана кайык башкаруучулардын күбөлүктөрү каралды. Документтери толук эмес жана талаптарды бузган кайык ээлерине эскертүүлөр берилип, айрым учурларда протоколдор түзүлдү.
“Кайыкчыларга жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун биринчи орунга коюу, аба ырайын эске алуу, кайыктын сыйымдуулугунан ашык жүргүнчү ташыбоо жана коопсуздук каражаттарын камсыз кылуу талаптары түшүндүрүлдү”,–деп белгиленет маалыматта.