Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Чүй районундагы Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн абалы текшерилди.
Райондук администрациянын маалыматына ылайык, 5-августта Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көлгө мониторинг жүргүзүлгөн.
"Көзөмөл иш-чарасы көлдүн толуп кетүү же жырылып кетүү коркунучтарын алдын алуу, ошондой эле анын абалына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү максатында уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Көл-Төр көлүнүн абалы туруктуу көзөмөлдө турат.