Күчтүү дарыларды рецептсиз саткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Ден соолук Загрузка... 10 Октябрь 2025 13:00
26a039e343f8d93bbe3.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Дарыгердин рецепти жок күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан фармацевттер кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директордун орун басары Мариям Жанкорозова "Кабар" агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, дарыгердин рецепти жок наркотикалык же күчтүү таасир берүүчү дарыларды сатканы үчүн дарыканаларга чоң айып салынат, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине чейинки жаза колдонулушу мүмкүн.

"Дарыканаларда баңгиликке алып келиши мүмкүн болгон дары-дармектер бар. Курамында наркотикалык заттар жана күчтүү таасир берүүчү каражаттар бар дарылардын түрлөрү көп. Бул препараттардын бардыгы дарыгердин гана рецепти менен берилиши керек. Алар жарандарга рецептсиз сатылбашы шарт. Бүгүнкү күндө наркотикалык заттарды камтыган препараттарга карата ушундай гана көзөмөл бар. Бул талаптарды бузган бардык дарыканалар кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылат", — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдиргендей, бул препараттарды сатууга толугу менен тыюу салуу мүмкүн эмес, анткени бул дарылар айрым ооруларды дарылоо үчүн колдонулат.

Бирок, Мариям Жанкорозова белгилегендей, бул препараттар республикага контрабандалык жол менен да кирип жатат. Буга тиешелүү органдар реакция кылышы керек.