Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Кыргызстан үчүн бул эл аралык илимий конференция жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырууда жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын калыптандырууда чоң мааниге ээ. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” эл аралык илимий конференциясында билдирди.
Анын айтымында, конференцияга мамлекеттик башкаруу жана тарыхый-маданий мурастарды изилдөө багыттарында иш алып барган 28 өлкөнүн окумуштуулар жана адистер катышып, жалпысынан илимий программа 160тан ашуун окумуштуу жана экспертти бир аянтчада бириктирген.
- “Кыргызстан үчүн бул эл аралык илимий конференция жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырууда жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын калыптандырууда чоң мааниге ээ. Ошондуктан бул мурастарды изилдөө, сактоо жана билим берүү аркылуу кеңири жайылтуу маанилүү милдеттерибиздин бири”, — деди Исаматова.
Конференциянын иши 8 тематикалык багыт боюнча уюштурулган. Анда көчмөн элдердин тарыхы жана маданияты, археология жана антропология, туруктуу өнүгүү жана санариптештирүү, саясий-укуктук системалар, этноспорт, түрк дүйнөсүнүн мурасы жана маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланууда.
Илимий программанын жыйынтыгында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмалары жана келечеги” аттуу эл аралык илимий жыйнак да даярдалган. Ага катышуучу өлкөлөрдүн окумуштууларынын көчмөн цивилизациясынын тарыхы, маданияты жана мурастарына байланышкан изилдөөлөрү киргизилген.
Белгилей кетсек, эл аралык илимий конференция Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө.