Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Көчмөндөр санаты” салттуу музыкасынын эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен салтанаттуу жабылышы өтүүдө.
Белгилей кетсек, төрт күнгө созулган фестивалга дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн салттуу музыка өнөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги бөлүгүн салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн эл аралык сынагы түзүп, анда катышуучулар дастанчылык, аспаптык жана вокалдык-аспаптык өнөр багыттары боюнча күч сынашты. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө гран-при, байгелүү орундар жана атайын сыйлыктар тапшырылууда.
Фестивалды уюштуруучулардын айтымында, “Көчмөндөр санаты” жөн гана сынак эмес, ар түрдүү элдердин музыкалык маданиятын жакындаткан чыгармачыл диалог аянтчасы болду. Анын алкагында катышуучулар концерттерди тартуулап, чебер-класстарды өткөрүп, биргелешкен музыкалык коштоолорго катышты.
Катышуучулардын курамында кесипкөй музыканттар, салттуу өнөрдү муундан муунга өткөрүп келе жаткан аткаруучулар да бар.
Уюштуруучулар фестиваль жаш муунга салттуу музыкалык мурасты таанытууда жана ар түрдүү маданияттардын өкүлдөрүн музыка аркылуу жакындаштырууда маанилүү роль ойногонун белгилешти.
Эскерте кетсек, “Көчмөндөр санаты” салттуу музыкасынын эл аралык фестивалы 2-сентябрда башталган.