Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити: Свердлов районунда фан-зона уюштурулат

Коом 24 10 Август 2026 09:15
719232446_386698068_aGupvLh.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине карата Бишкекте Свердлов районунда үч фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда заманбап LED-экрандар орнотулуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирде көрсөтүүгө шарт түзүлөт.

Фан-зоналар жайгаша турган даректер:

  • "Алга" спорт комплекси – Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
  • №66 орто мектеп – Чыгыш-5 кичи району, 1а;
  • №21 орто мектеп – 1-Энесай көчөсү, 1.

Ошондой эле фан-зоналарда маданий жана көңүл ачуучу программа даярдалат. Муну менен катар тогуз коргоол, чүкө, беш таш сыяктуу улуттук оюндар жана башка кызыктуу интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлөт.