Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. 31-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ага байланыштуу борбор калаанын бардык райондорунда фан-зоналар уюштурулат.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чараларга катышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин түз эфирдеги көрсөтүүсүн чогуу көрүүгө чакырат.
Фан-зоналарда концерттик программалар, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмөлөр, фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулат.
Негизги фан-зона — Ала-Тоо аянтында.
Мындан тышкары, фан-зоналар төмөнкү даректерде иштейт:
- Октябрь районунда: Тунгуч кичи районундагы "Тунгуч-1" скверинде жана "Ынтымак-2" паркындагы амфитеатрда;
- Ленин районунда: Фучик атындагы паркта, Ак-Ордо конушундагы "Ашар" паркында жана Жал кичи районундагы "Муун" скверинде;
- Биринчи май районунда: Чыңгыз Түлөбердиев атындагы паркта (Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде), Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплексинде жана Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегиндеги скверде;
- Свердлов районунда: Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги "Алга" спорт комплексинде, Чыгыш-5 кичи районундагы №66 орто мектебинде (1А дареги) жана Энесай-1 көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектебинде.
Белгилей кетсек, борбор калаанын төрт районунда уюштурулган бардык фан-зоналар 31-августта саат 16:00дө ишин баштайт.
Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын жана конокторун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин биргеликте көрүп, майрамдык маанай бөлүшүүгө чакырат.