Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: Бишкекте 12 фан-зона уюштурулат — Кабар

Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: Бишкекте 12 фан-зона уюштурулат

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 09:30
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: Бишкекте 12 фан-зона уюштурулат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын төрт районунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземин түз эфирде көрсөтүү үчүн 12 фан-зона уюштурулат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Ошондой эле Октябрь, Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорунда атайын аянтчалар иштейт.

Фан-зоналарда шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программалар, интерактивдүү иш-чаралар, улуттук оюндар, фотозоналар, көргөзмө аянтчалары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары уюштурулат.

Бардык фан-зоналар саат 16:00дө өз ишин баштайт.