Көчмөндөр оюндары: Объектилер электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат

Аймак 33 11 Август 2026 09:55
photo_54003050.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунда электр тармактарын жаңылоо жана чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, энергетиктер “Кырчын” этнокомплексинде 17,7 чакырым жаңы 10 кВ аба электр берүү линиясын куруп, 535 жаңы темир-бетон мамы жана ар бири 630 кВА болгон 5 трансформатордук көмөк чордон орнотушту.

Мындан тышкары, 16 чакырым электр берүү линиясы жаңыланып, эски зымдар заманбап өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга алмаштырылды. Пайдалануу мөөнөтүнөн ашкан 50 темир-бетон мамы да жаңыларына алмаштырылды.

“Көк-Бөрү” аренасында электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу иштери уланууда. Бул жерде 19 жаңы электр мамысын орнотуу, 0,9 чакырым СИП зымын тартуу жана кубаттуулугу 630 кВА болгон трансформаторду орнотуу каралган. Негизги монтаждоо иштерин жакынкы 10 күндө аяктоо пландалууда”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле “Григорьевка” жана “Бостери” 110 кВ көмөк чордондорунда өчүргүчтөр жаңыланууда. Алар кубаттуулугуна жараша “Кырчын” этнокомплексин жана ипподромду электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоого багытталган.

Жаңы электр чубалгылары, мамылар, трансформаторлор жана өчүргүчтөр тармактын туруктуулугун жогорулатып, авариялык өчүүлөрдүн коркунучун азайтат.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.