Көчмөндөр оюндары: Милиция кызматкерлери туристтерге жардам көрсөтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 21:25
copyright icon ИИМ

Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү Ысык-Көл облусуна 150 миңге жакын конок келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, масштабдуу эл аралык иш-чаранын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар, милиция кызматкерлери туристтерге ар кандай кырдаалда жардам көрсөтүүгө даяр. Алар конокторго жол көрсөтүп, жоголгон буюмдарды табууга көмөктөшүп, керектүү багыттарды түшүндүрүп жана жүрүп-туруу маселелеринде колдоо көрсөтүүдө.

ИИМ коопсуздук түшүнүгү коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылын жөнгө салуу менен гана чектелбей, адамга жардам керек болгон учурда дайыма жанында болуп, колдоо көрсөтүүгө даяр турууну да билдире турганын белгилейт.

Учурда милиция кызматкерлери Кырчын жайлоосунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып, ар бир меймандын өзүн тынч жана коопсуз сезүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.