Көчмөндөр оюндары: Мандаттык комиссия күнү-түнү иштеп жатат — Кабар

Көчмөндөр оюндары: Мандаттык комиссия күнү-түнү иштеп жатат

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 00:50
IMG_1962.png
copyright icon WWW

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан спортчуларды каттоо жана аккредитациялоо иштерин өз убагында жүргүзүү максатында мандаттык комиссия күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, комиссия “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде кызмат көрсөтүүдө.

“Комиссиянын кызматкерлери 27-августтан тарта 24 саат бою иштеп, оюндарга келген спорттук делегациялардын документтерин текшерип, катышуучуларды каттоо жана тиешелүү аккредитациялык жол-жоболорду жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.