Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатат – мурдагы депутат

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 23:30
Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатат – мурдагы депутат
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда акыркы күндөрү өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө тааныткан ири иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу мурдагы депутат Роза Акназарова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ШКУ саммити, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чаралар Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.

“Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ШКУ саммити өтүп жатат. Аны менен катар "Бишкек Арена" ачылып, анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Кырчында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр, спортчулар Кыргызстандын жаратылышына жана уюштурулган иш-чараларга суктанып жатышат.

Көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү — спорт менен гана чектелбестен, Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын, тарыхын жана көчмөн цивилизациясын дүйнөгө таанытып жатканы. "Бишкек Аренадагы" ачылыш аземинде тоолорубуз, суубуз, ак илбирс жана ат маданиятыбыз көрсөтүлүп, Кыргызстандын эл аралык имиджин көтөрүүгө чоң салым кошулду.

Ал эми Көчмөндөр оюну жыл өткөн сайын дүйнөлүк деңгээлдеги ири маданий-спорттук иш-чара катары өз ордун бекемдеп жатат. Дүйнөдө куралдуу кагылышуулар болуп жаткан учурда элдерди бириктирген, достукту жана тынчтыкты бекемдеген мындай иш-чаралардын мааниси чоң. Биз башка жол менен да дүйнө жүзү бириге аларын, элди кырбай, маданият жана спорт аркылуу ынтымакка чакырууга болорун көрсөтүп жатабыз.

Бүгүн дүйнө “Кыргызстан кандай өлкө, кыргыз элинин тарыхы жана маданияты кандай?” деген суроолорго жаңыча жооп алып жатат. Кырчынга келген чет өлкөлүк өкүлдөр тоолорубузга, суубузга, элибизге жана өзгөчө кыргыз жигиттеринин ат үстүндөгү өнөрүнө суктанып жатышат.

Ар бир кыргызстандык мындай чоң иштер менен сыймыктана алат. Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн бар экенин, тарыхын, маданиятын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп жатат. Мындай ири иш-чаралар өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт”, — деп жыйынтыктады Роза Акназарова.