Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган эл аралык этно мода сынагында Кыргызстандын атынан 3 жаш дизайнер ат салышат. Бул тууралуу "Урбан Номад" эл аралык этномода сынагынын координатору Назира Бегим "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, этно мода сынагына жалпы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган өлкөлөрдөн 10дон ашык мамлекеттин мыктылары катышат.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 күн бою мода көрсөтөбүз. Тандоо туру 2-3 этаптан өтүп, мында 20га жакын дизайнер түз эфирде өз эмгектерин көрсөтүштү. Ошонун ичинен үчөө мыкты деп тандалып алынды. Эми ушул 3 дизайнер 10 мамлекеттин мыктылары менен ат салышат. Негизги бөлүгү гала көрсөтүү аталып, мыкты чеберлердин өзгөçө кийим көргөзмөсү, андан кийин өзүнчө сынак өтөт. Мындай сынак көчмөндөр оюнунун тарыхында биринчи жолу 5-6 багытта өтүп жатат. Ошонун бири мода багыты болууда", - деди сынактын уюштуруучусу.
Ал ошондой эле сынакта биздин жаш дизайнерлер мыкты эмгектерин көрсөтө алышаарына терең ишеничин билдирди.
"Кыргызстандан улуттук талдоо жүрүп отуруп, 2-3 мыкты дизайнерди тандап алганбыз. Бирөө элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, экөөнү калыстар тобу тандап алган. Сынакка катыша турган биздин жаш дизайнерлер мыкты эмгектерин көрсөтө алышат деген терең ишеничтемин. Себеби, бүгүнкү күндө биздин жаш дизайнерлер Борбордук Азия, Азия өлкөлөрүндө өтө уникалдуулугун көрсөтүп жатышат. Биздин салтуу кийим маданиятын заманбапташтырып, тигүү, дизайн багытында мыкты техникаларды таап жатышат", - деди ал.