Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында өтүүчү эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан катыша турган катышуучуларга улуттук тандоо туру жарыяланды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программаларынын координатору Гүлбара Абдыкалыкова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тандоо туру 8 багытта уюштурулат.
- Этномода
- Этнобий (балет бийчилери)
- Этнодуэт
- Этнохит
- Кол өнөрчүлүк
- Салттуу музыка (айтуучулук, абаздык-аспапчылык, аспапчылык).
Гүлбара Абдыкалыкова белгилегендей, арыздар 24-майга чейин кабыл алынат. Калыстар тобу тандоо турунун биринчи баскычынын жыйынтыгын 27-майда чыгарат.
“Арыз берүү шарттары жеңил жана жеткиликтүү. Ар багыт боюнча онлайн формалар түзүлгөн. Алардын шилтемелери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын расмий сайттарында, ошондой эле расмий социалдык тармактардагы баракчаларында жайгаштырылган”,- деди ал.
Режиссёр Ринат Мурзаев маалымдагандай, тандоо турунун биринчи баскычынан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга 1-7-июнга чейин УТРКда түз эфирде добуш берилет. Анда кыргызстандыктар онлайн түрдө добуш бере алат.

“Ар бир багыттан эл аралык сынакка экиден катышуучу тандалат. QR код аркылуу көрүүчүлөр тандаган катышуучусуна балл берсе болот. Жеңүүчүлөр Кыргызстандын атынан эл аралык сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк алат”, - деп айтты Ринат Мурзаев.