Көчмөндөр оюндары: Кунан чабышта Тажикстандын күлүгү биринчи келди

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 12:05
Көчмөндөр оюндары: Кунан чабышта Тажикстандын күлүгү биринчи келди
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 1600 метр аралыкка өткөрүлгөн кыска аралыктагы кунан чабышта Тажикстандын күлүгү биринчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, жарышка жалпы 12 күлүк катышты. Кыргызстандан 5, Тажикстандан 2, Өзбекстандан 2, Казакстандан 2 жана Россиядан 1 күлүк чыкты.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.