Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди — Кабар

Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Саясат 29 июнь 2025 15:00
Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди
copyright icon WWW

Бишкек, 29.06.25. /Кабар/. Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, ал Ысык-Көлдө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.