Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Казакстандын түндүгүндөгү Павлодар облусунун Байет айылында жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу "Казинформ" агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык Павлодар-Кызылорда жолунда катталган. Анда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, экинчи транспорт күйүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен төрт жүргүнчү жана айдоочу каза болгон.
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталганы айтылды.