Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көкпар боюнча мелдештер кызуу өттү, бирок Казакстан курама командасына тажрыйба жана аттардын физикалык даярдыгы жетишсиз болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Казакстандын көкпар федерациясынын расмий өкүлү Сакен Сейтхан билдирди.
Анын айтымында, көк бөрү мелдешинде казакстандык спортчулардын тажрыйбасы аздык кылды, анткени Казакстанда 10 жылдай убакыттан бери салттуу казанга көк бөрү ойнолбойт.
“Биздин балдарда көк бөрү боюнча чоң тажрыйба бар деп айта албайбыз. Мындан тышкары, аттардын абалы да эң жакшы деңгээлде болгон жок. Сиздерде тайказанда көк бөрү дайыма ойнолуп тургандыктан, албетте, тажрыйбаңыздар жогору”, — деп белгиледи ал.
Көкпар тууралуу айтып жатып, Сакен Сейтхан оюн абдан кызуу өткөнүн жана казакстандык оюнчулар аягына чейин күрөшкөнүн баса белгиледи.
“Биздин жигиттер өздөрүн да, аттарын да аябай, колдон келгендин баарын жасашты. Бирок биздин аттардын абалы бир аз начарыраак болгонун моюнга алуу керек. Ошол эле учурда спортчуларыбызга эч кандай доомат жок. Жигиттерибиз — чыныгы баатырлар, алар аягына чейин аракет кылышты. Бул аягы эмес, алдыда дагы оюндар бар”, — деди Казакстандын көкпар федерациясынын өкүлү.
Сакен Сейтхан Казакстан курама командасы Көчмөндөр оюндарына олуттуу даярданганын айтты.
Команда Казакстанда үч окуу- машыгуу жыйынын өткөрсө, дагы бир жыйын Кыргызстанда өткөн.
“Даярдык жакшы болду. Көчмөндөр оюндарына жакшы формада келгенбиз. Бирок бул спорт: бүгүн утасың, эртең утуласың”, — деп белгиледи ал.