Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Казакстанда 16 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарды пайдаланууга чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар коомдук талкууга коюлган.
Маданият министрлигине ата-энелерден, мугалимдерден жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн бул багытта көптөгөн кайрылуулар түшкөн.
“Эл аралык тажрыйбаларды изилдеп, эксперттер менен кеңешкенден кийин, 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушу колдоо тапты”- деп билдирет Маданият министрлиги.
Бул чектөө социалдык медиа платформаларына гана тиешелүү болот. Билдирүү алмашуу тиркемелерине (мессенджерлерге) тиешеси жок. Мындай чаралар жаш өспүрүмдөрдү терс контенттен жана онлайн коркунучтардан коргоо максатын көздөйт.
Мындай чектөөлөр дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө колдонулуп келет. Эгер коомчулук бул демилгени колдосо, анын ишке ашыруунун жолдору мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. Сунуштардын бири — онлайн платформаларга колдонуучунун жашын текшерүүнү милдеттендирүү.
Мындай практика учурда Австралияда колдонулуп жатат.