Казакстан суюлтулган газды экспорттоого тыюу салууну узартты

Дүйнө Загрузка... 14 Ноябрь 2025 13:38
IMG-20251114-WA0051.jpg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.11.25 /Кабар/. Казакстан суюлтулган мунай газын, пропан жана бутанды экспорттоого болгон тыюуну дагы 6 айга узартты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго энергетика министри кол койгон.

Документке ылайык, автоунаа жана темир жол аркылуу суюлтулган газды өлкө сыртына чыгарууга 2025-жылдын 14-ноябрынан тартып расмий түрдө тыюу салынат.

Бирок, төмөнкү айрым учурлар өзгөчө шарт катары калтырылат:

  • Президент тарабынан бекитилген продукцияны бөлүштүрүү келишимине же жер казынасын пайдалануу келишимине ылайык иш алып барган, туруктуу салык режимин колдонгон жер казынасын пайдаланган компаниялардын экспорту;
  • “Карачаганак” кенинен алынган, казакстандык чийки заттан өндүрүлгөн товарлардын эл аралык келишимдерге ылайык экспорту;
  • Казакстан аймагынан башталып, кайра токтотулган транзиттик жүк ташуулар;
  • Өкмөт чечими менен гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн товарлар.

Эске салсак, буга чейин суюлтулган газды экспорттоого тыюу 2025-жылдын 14-майынан тартып 6 айга киргизилген болчу.