Кайра иштетүү өнөр жайы тездик менен өсүүдө: 2700дөн ашык жумуш орду түзүлдү

Экономика Загрузка... 21 Ноябрь 2025 17:10
5fb7917e2e676-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы өлкөнүн айыл чарба, минералдык жана өнөр жай мүмкүнчүлүгүнүн негизинде кошумча наркты түзүүчү экономиканын негизги тармагы болуп саналат. Ал сырьелук эмес экспорттун, айрыкча тамак-аш жана жеңил өнөр жайынын бир кыйла үлүшүнө туура келет.

Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы 2020-жылдан бери индустриянын башка кээ бир тармактарынан кыйла алдыга озуп, туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Негизги кыймылдаткыч күчтөр тамак-аш өндүрүшү, фармацевтика, текстиль, мунай продукциялары жана жыгачты кайра иштетүү болуп саналат.

1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2024-жылы 415 ири жана чакан ишкана катталган жана 34 соода-логистикалык борбор иштесе, 2025-жылы ишканалардын саны 441ге жетип, 26 ишканага көбөйгөн, ал эми соода-логистикалык борборлордун саны 38ге чейин өскөн.

2025-жылдын башынан бери кайра иштетүү тармагына тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 29 млрд 402 млн 44 миң сомду түздү.

Жалпы 2 миң 718 жаңы жумуш орду түзүлдү.

2

Баткен облусу:

  • "Самаркандек" логистикалык борбору (мөмө-жемиш сактоо);
  • "Ак-Турпак групп" күрүчтү кайра иштетүүчү цехи;
  • Жаңы-Жер айылында жашылча-жемиш тоңдуруучу цех жана логистикалык борбор;
  • "Самаркандек" сүттү кайра иштетүү (ноябрь айында ачылышы пландалган).

Жалал-Абад облусу

  • Ала-Бука айылындагы "Кыргыз Эко Экспорт" логистикалык борбору (мал чарба);
  • Үч-Эмчек айылындагы "Алтын-Куш агро" канаттуулар фабрикасы;
  • "Аква Сервис" балыкты кайра иштетүү цехи;
  • Кербен айылындагы жүн кайра иштетүү цехи.
3

Ысык-Көл облусу

  • Балыкчы шаарындагы форель кайра иштетүү цехи.

Нарын облусу

  • Asian Food канаттуулар фабрикасы;
  • "Алга Кадам" сафлор майын өндүрүү цехи;
  • Ормон-Хан айылындагы логистикалык борбор;
  • Жумгалда, Баетов айылында (Ак-Талаа) жүн кайра иштетүү цехтери;
  • Ала-Буга айылында (Ак-Талаа) сафлор майы цехи;
  • Чаек айылында "Обосек" минералдык суу өндүрүү цехи.

Ош облусу

  • "Кыргыз балык чарба" инкубациялык балык цехи;
  • Айдай Талант кызы кондитердик цехи;
  • Өзгөндүн Ийри-Суу айылындагы муниципалдык сүт цехи;
  • "Тоок Ордо" жашылча кайра иштетүү цехи;
  • Кызыл-Кыштактагы "Туран Групп" соода-логистикалык борбору;
  • Ош шаарындагы "Эко Азык" акустикалык тоңдуруу цехи;
  • "Баглан" алма кайра иштетүү цехи.
4

Талас облусу

  • "ИП Жээнбаев" сүттү кайра иштетүү цехи;
  • "ИП Эркеганова" жүндү кайра иштетүү цехи;
  • "ИП Ботиков" мал союучу жайы;
  • Бакай-Ата айылындагы "Герб" сафлор майы өндүрүшү.

Чүй облусу

  • "Салих ЛТД" балык чарбасы (2-фаза);
  • "Фидан Глобал" питомниги;
  • "Дан" убактылуу сактоочу кампасы.

Бишкек шаары

  • Биринчи индустриалдык комплекс – кондитердик цех.
5

Жыл аягына чейин өлкө аймагында дагы 30 ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда. Алар:

Чүй облусунда

  • "Сан Планет Интернешнл" - мөмө-жемиш кайра иштетүү;
  • "Умут жана Ко" - картошканы сактоо кампасы;
  • "Алканов Групп" - соода логистикалык борбору;
  • "Орион Экстра" - сүттү жана данды кайра иштетүү;
  • "Ак-Суу асыл тукум" - канаттуулар фабрикасы;
  • "Айжен Компани" - кимчи кайра иштетүү.

Ош облусунда

  • "Обид Файз" - сүт азыктарын кайра иштетүү жана балмуздак өндүрүү;
  • "Азия Органикс" - соода логистикалык борбору;
  • "Сонун Курут" - курут өндүрүү;
  • "Кожомкулов" - мөмө-жемишти кайра иштетүү;
  • "Чоң-Алай" - картошка сактоо кампасы;
  • жер семирткич өндүрүү заводу;
  • "Большевик багбандары" - соода логистикалык борбору;
  • "Захрус" консерва заводу;
  • "Жаңы Доор" - күрүчтү кайра иштетүү;
  • "Алайку Органикс" - сүт заводу;
  • "Ала-Тоо Амир" - сүт комбинаты;
  • "Жети-Баатыр" - эт комбинаты;
  • "Мийзамов" - шире өндүрүүчү завод;
  • Чоң-Алайдагы муниципалдык мал соючу жай;
  • "Кыргыз-Ата" муниципалдык соода логистикалык борбору.
6

Жалал-Абад облусунда

  • "Жайлообаев" - соода логистикалык борбору;
  • "Элмурат" - жүндү кайра иштетүүчү цех;
  • "Айылдан" - тоок фабрикасы;

Нарын облусунда

  • Жакиев – сүттү кайра иштетүү.

Талас облусунда

  • "Беш-Таш" - минералдык суу;
  • "Кум-Арык" - фасоль кайра иштетүү;
  • "Адис Нан" - кондитердик заводу;
  • "Каныбек Мамажанов" – сүт заводу;
  • Эчкинин сүтүн өндүрүү;

Өндүрүштүн көлөмүнүн статистикасы

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай ишканалары 595 млрд сомдук продукция өндүргөн, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,8 пайызга көп. Алтын казып алууну эсепке албаганда өсүш 21 пайызды түзгөн.

Эң чоң өсүш:

  • фармацевтика – өндүрүш 2 эсеге;
  • резина, пластмасса жана курулуш материалдары – +33,8 пайызга;
  • тамак-аш продукциясы жана суусундуктар – +33,6%пайызга;
  • жыгач жана кагаз буюмдар, басып чыгаруу – +29,4 пайызга;
  • химиялык продукциялар – +19,6 пайызга;
  • текстиль жана кийим – +9,4%пайызга;
  • пайдалуу кен байлыктарды казуу – +17,1 пайызга.

Электр энергиясын, газды жана бууну өндүрүү 15 пайызга, суу менен камсыздоо жана таштандыларды кайра иштетүү 24,6 пайызга өстү.

7

Өнөр жайдын өлкөнүн ИДПсына кошкон салымы 1,64 пайыздык пунктту түзүп, ал эми өнөр жайдын ИДПнын структурасындагы үлүшү – 17,6 пайызды түздү.

Агроөнөр жай комплексинин экспорту

2025-жылдын алгачкы 9 айында Кыргызстан жалпы суммасы 23 млрд сомдук – болжол менен 264 млн долларлык айыл чарба жана кайра иштетилген продукцияны экспорттоду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу өсүштү билдирет жана өлкөнүн жалпы экспортундагы агроөнөр жай продукциясынын үлүшүн 11,1 пайыздан 12,4 пайызга чейин көбөйтөт.

Экспорттун структурасында:

  • мал чарба продукциясы – 1,15 млрд сомду (болжол менен 13,2 млн доллар) түздү,
  • өсүмдүк өстүрүү – 5,46 млрд сом (62,5 млн доллар),
  • тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы – 16,43 млрд сом (18,8 млн доллар), бул өткөн жылга караганда 8,3 пайызга көп.
8

Экспорттун өсүшү кайра иштетүү жана тамак-аш тармагынын бекемделишин, ошондой эле Кыргызстандагы айыл чарбасынын ийгиликтүү өнүгүшүн көрсөтөт. Чет өлкөгө жеткирүүлөрдүн көбөйүшү кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн рыногун кеңейтүүгө жардам берип, агроөнөр жай комплексинин өлкө экономикасына кошкон салымын жогорулатат.