Катарга жыл башынан бери 2,6 миллиондон ашуун турист барды

Дүйнө 8 октябрь 2026 09:20
Катарга жыл башынан бери 2,6 миллиондон ашуун турист барды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Катарга жыл башынан бери 2 млн 614 миң турист барды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында Катарга 276 миң турист барган. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 1,1 пайызга көп. 2025-жылдын сентябрында өлкөгө 273 миң турист барган.

Жылдын алгачкы 9 айында туристтердин басымдуу бөлүгүн Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин жарандары түзүп, алардын саны 1 млн 69 миңге жеткен.

Азия жана Океания өлкөлөрүнөн 548 миң, Европа мамлекеттеринен 538 миң, башка араб өлкөлөрүнөн 184 миң жана Африка мамлекеттеринен 84 миң турист барган.

Катар 2025-жылы 5,1 млн турист кабыл алып, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Быйыл болсо Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, аба мейкиндигиндеги жана аба каттамдарындагы коопсуздук маселелеринен улам алыскы аймактардан келген туристтердин агымы жайлаган.

Ошол эле учурда Перс булуңундагы коңшу өлкөлөрдөн кургактык аркылуу же кыска аралыктагы каттамдар менен келген туристтер өлкөнүн туристтик тармагындагы активдүүлүктү сактап калууга өбөлгө түзгөн.

Катар акыркы жылдары инфраструктурага жана туризмге ири инвестицияларды салып, аймактагы алдыңкы туристтик борборлордун бирине айланууну көздөп жатат. Жыл соңуна чейин өлкөдө бир катар эл аралык иш-чаралар өтүп, туристтердин саны дагы өсөрү күтүлүүдө.