Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Катар Израилдин кол салуусуна жооп үчүн юридикалык топ түзөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Катар Израилдин Дохадагы турак жай аймагына жасаган аба соккусуна жооп кайтаруу үчүн юридикалык топ даярдайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани "Аль-Жазирада" түз эфирде өткөн пресс-конференцияда билдирди.
Анын айтымында, сокку ХАМАСтын кеңсесине гана эмес, карапайым эл жашаган үйлөргө да тийген. Катар бул аракетти эл аралык укук чегинде териштирүүгө ниеттенүүдө.
Катардын премьер-министри белгилегендей, Израилдин Дохадагы палестиналык ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөлөрүнүн резиденцияларына кол салуусу эл аралык укукту жана моралдык нормаларды бузат.
"Бүгүн болуп өткөн окуя мамлекеттик терроризм актысы жана аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бузуу аракети катары бааланат. Израилдин Катарга чабуулу эл аралык укукту гана эмес, моралдык нормаларды да бузуу болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.
Израилдин Дохага жасаган соккулары Газа тилкеси боюнча Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен уланып жаткан сүйлөшүү процессин бузду жана Израил тарап аймакта тынчтыкка жетишүү аракетин жокко чыгарып жатат, деп баса белгиледи Аль Тани.
"Сүйлөшүүлөр АКШнын өтүнүчү менен улантылды. Ага карабастан Израил аракеттерге зыян келтирди", - деп айтылат макалада.