Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө жарандарын жеке кабыл алып, алардын маселелерин укту.
Министрлер кабинетинин төрагасы менен жолугушууда жарандар өздөрүнүн жеке маселелерин жана коомчулук тарабынан көтөрүлгөн бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле алар тараптан көтөрүлгөн маселелерди кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.
Тактап айтканда, курулуш жана кайра ииштетүү өнөр жай тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, медицина тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Жер кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан маселелер, маданият тармагын, такси жана жеткирүү кызматтарын жакшыртуу, ошондой эле финансылык оор абалга байланыштуу материалдык көмөк көрсөтүү жана турак-жай маселелерин чечүү мүмкүндүгү боюнча сунуштар айтылды.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин негизги ишинин максаты жарандардын жашоо-шарттын жана бакубаттуулугун жакшыртуу экенин айтып, буга байланыштуу мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун иш алып баруусу үчүн тийиштүү чаралар кабыл алынганын билдирди.
Адылбек Касымалиев бардык көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынаарын жана президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты чыңдоо максатында – министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин жана анын орун басарларынын, ошондой эле президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, президентке караштуу комиссиялардын катчылыктарынын жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу графиги бекитилген.