Касымалиев Улуттук онкология борборунун поликлиникасын күтүүсүз текшерди

Министрлер кабинети 14 Май 2026 16:50
6a058d6124e8e (1).jpeg
6a058d8ce7375.jpeg
6a058d8a62c03.jpeg
6a058d892b91d.jpeg
6a058d891b596.jpeg
6a058d876b6bb.jpeg
6a058d8765f87.jpeg
6a058d84d657a.jpeg
6a058d814ddaf.jpeg
6a058d81484e4.jpeg
6a058d7fccbe3.jpeg
6a058d7f5f096.jpeg
6a058d7e4a901.jpeg
6a058d7db786f.jpeg
6a058d7c2c778.jpeg
6a058d7a9df7e.jpeg
6a058d79564db.jpeg
6a058d781f5bf.jpeg
6a058d77dd2f9.jpeg
Алдыга
Артка
6a058d6124e8e (1).jpeg
6a058d8ce7375.jpeg
6a058d8a62c03.jpeg
6a058d892b91d.jpeg
6a058d891b596.jpeg
6a058d876b6bb.jpeg
6a058d8765f87.jpeg
6a058d84d657a.jpeg
6a058d814ddaf.jpeg
6a058d81484e4.jpeg
6a058d7fccbe3.jpeg
6a058d7f5f096.jpeg
6a058d7e4a901.jpeg
6a058d7db786f.jpeg
6a058d7c2c778.jpeg
6a058d7a9df7e.jpeg
6a058d79564db.jpeg
6a058d781f5bf.jpeg
6a058d77dd2f9.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн арыздардын негизинде Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасына күтүүсүз инспекция жүргүздү.

Иш сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы бейтаптарды кабыл алуу шарттары, медициналык персоналдын ишинин уюштурулушу, медициналык жабдуулардын абалы, мекеменин инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы менен таанышты. 

Адылбек Касымалиев жарандардын узун кезектер, иштин жетишсиз уюштурулушу жана бейтаптардын болуу шарттарына байланыштуу арыздарына өзгөчө көңүл бурду. Инспекциянын жүрүшүндө медициналык тейлөөнү уюштуруу жана ички иштерди координациялоо боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды. Министрлер кабинетинин башчысы мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык оорулары бар бейтаптар мындай дарылануу шарттарына туш болбошу керектигин баса белгиледи. 

"Онкологиялык борборго келген ар бир адам өтө оор физикалык жана эмоционалдык абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, өз убагында кабыл алууну жана тийиштүү дарылоону камсыз кылууга милдеттүү", - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев. 

Инспекциянын жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин жана медициналык мекеменин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде башкаруунун натыйжалуу тутумун камсыз кылуу, зарыл жабдууларды ыкчам тартипте сатып алуу, штатты көбөйтүү жана бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча жайларды түзүү маселелерин иштеп чыгуу.