Адылбек Касымалиев "Кумтөр" базасын модернизациялоону текшерди

Министрлер кабинети 28 Май 2026 14:35
707465628_1433594992128986_6553970410325143551_n.jpg
709760239_1433595228795629_2974305842455462285_n.jpg
709679859_1433595308795621_5820586718234236437_n.jpg
707655919_1433595212128964_235093566115252617_n.jpg
707522333_1433595035462315_8900269976899753386_n.jpg
706982354_1433595368795615_6910186174883364159_n.jpg
707049227_1433595265462292_81391325027154705_n.jpg
709844551_1433595415462277_7195975959152063401_n.jpg
709769473_1433595272128958_5225572684924988171_n.jpg
709735349_1433595352128950_4428269928525839028_n.jpg
708222253_1433595005462318_6895270232559033732_n.jpg
707446042_1433595338795618_1692735326374442830_n.jpg
707774864_1433595242128961_121161625089491576_n.jpg
707581825_1433595155462303_6390335955348411767_n.jpg
708866137_1433595455462273_5897286164075943595_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасына барып, объектти модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Таанышуунун жүрүшүндө минкаб төрагасына базанын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр, логистикалык жана өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Белгиленгендей, базаны модернизациялоо жүктөрдү сактоо жана ташуу шарттарын жакшыртат, техникалык жабдыктарды өркүндөтөт, операциялык процесстерди оптималдаштырат, бул компаниянын ишине жалпысынан оң таасирин тийгизет.

Базаны модернизациялоонун алкагында жаңы күйүүчү май сактоочу резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб метрден 32 000 куб метрге чейин жогорулап, 1,2 га аянтка жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Балыкчы өткөөл базасы Балыкчы шаарынын түштүк-батыш тарабында, Балыкчы - Нарын унаа жолунун боюнда жайгашкан. База "Кумтөр" кен жайынын туруктуу ишмердүүлүгү үчүн логистикалык чоң мааниге ээ.

​Өткөн жылы базанын аймагында модернизация иштери башталган. Анын алкагында мунай сактоочу жаңы резервуарлар орнотулуп, алардын сыйымдуулугу 12 400 куб метрден 32 000 куб метрге чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле базанын 1,2 гектар аянты көрктөндүрүлүп, иретке келтирилди.