Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу зыйнатына катышты

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 17:08
6a5769915b06f.jpeg
6a57699fa27f8.jpeg
6a57699b22936.jpeg
Алдыга
Артка
6a5769915b06f.jpeg
6a57699fa27f8.jpeg
6a57699b22936.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы менен Катардын мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу расмий коштошуу зыйнатына катышты. 

Анда Адылбек Касымалиев Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугуп, президент Садыр Жапаровдун атынан маркум атасы шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. 

Расмий коштошуу зыйнаты үстүбүздөгү жылдын 13-15-июль күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин президенттеринин, өкмөт башчыларынын, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жогорку даражадагы расмий кызмат адамдарынын катышуусунда өттү.